Урматтуу Миң-Булак айыл өкмөтүнүн тургундары!
Тургундар менен ыкчам жана натыйжалуу иш алып баруу, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча кайрылууларды кабыл алуу максатында Миң-Булак айыл өкмөтүндө Call-борбор иштеп жатат.
Айыл аймагындагы тургундар өздөрүнүн сунуштарын, билдирүүлөрүн, суроолорун жана айыл өкмөтү тарабынан чечүүгө көмөк көрсөтүлө турган маселелер боюнча маалыматтарды төмөнкү телефон номерине жөнөтө алышат:
Телефон номер: 0557 333 369
WhatsApp: 0557 333 369
Тургундар аталган номерге чалып же WhatsApp аркылуу билдирүү жөнөтө алышат.
Миң-Булак айыл өкмөтү калк менен ачык байланыш түзүүгө жана жарандардын кайрылууларына өз убагында көңүл бурууга даяр.