Айыл өкмөт жетекчилиги

Айыл өкмөт жетекчилиги

глава но

Раимкулов Денизбек Самарбекович

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы

Билими:
Жогорку билимдүү. 2001–2006-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Тарых» багыты боюнча билим алып, дипломдуу адис — окутуучу квалификациясына ээ болгон.

2009–2010-жылдары Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жаштар саясаты жана спорт боюнча жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

2011–2012-жылдары Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын дене тарбия жана спорт бөлүмүндө бөлүм башчы кызматын аркалаган.

2013–2017-жылдары Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

2021–2024-жылдары Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы кызматын аткарган.

2024–2025-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

2025-жылдын 3-сентябрынан тартып Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келет.

зам

Исмаев Керим Шабанеевич

Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары

Билими:
Жогорку билимдүү. 2006–2011-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» багыты боюнча билим алып, экономист адистигине ээ болгон.

2011–2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билим алып, юрист адистигине ээ болгон.

2012–2013-жылдары Александровка айыл өкмөтүндө аскердик-эсеп столунун инспектору болуп эмгектенген.

2013–2019-жылдары Александровка айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис — экономист-статист болуп иштеген.

2019–2022-жылдары Александровка айыл өкмөтүндө башкы адис — юрист кызматын аркалаган.

2022–2024-жылдары Александровка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенген.

2024–2025-жылдары Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратында башкы адис — юрист болуп иштеген.

2025–2026-жылдары Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратында коопсуздукту камсыздоо боюнча жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

2026-жылдын 1-апрелинен тартып Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеп келет.

ответ

Капаева Азиса Тилебалдиевна

Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

Билими:
Жогорку билимдүү. 1999–2004-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин «Электр станциялары жана подстанциялары» багыты боюнча билим алып, инженер-энергетик адистигине ээ болгон.

2010-жылы Александровка айыл өкмөтүндө мамлекеттик тил боюнча адис болуп эмгектенген.

2010–2015-жылдары Александровка айыл өкмөтүндө социалдык коргоо боюнча адис болуп иштеген.

2015–2016-жылдары Александровка айыл өкмөтүндө социалдык коргоо боюнча башкы адис кызматын аркалаган.

2016–2021-жылдары Александровка айыл өкмөтүндө социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

2021–2024-жылдары Александровка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп иштеген.

2024–2026-жылдары Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратында кадр маселелери боюнча жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

2026-жылдын 5-мартынан тартып Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп иштеп келет.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.