Жергиликтүү кеңештин аппараты

Жергиликтүү кеңештин аппараты

торага

Асаналиев Нурбек Бекташович

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы

Билими:
Жогорку билимдүү, юридикалык билимге ээ.

1997–2004-жылдары «Ак-Суу АТП» ААКсында автоунаа оңдоочу — автослесарь болуп эмгектенген.

2007-жылы «Контур-Карт» детективдик-күзөт агенттиги» ЖЧКсында коопсуздук кызматынын кызматкери болуп иштеген.

2008-жылы «Крокус-Секьюрити» ЖЧКсында күзөт кызматкери болуп эмгектенген.

Коомдук жана депутаттык ишмердүүлүгү:
2016-жылы Сретенка айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2021-жылы Сретенка айылдык кеңешинин депутаты жана төрагасы болуп шайланган.

2024-жылдын 21-февралында административдик-аймактык реформанын негизинде Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2024-жылдын 29-ноябрында Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты жана төраганын орун басары болуп шайланган.

2026-жылдын 25-мартынан тартып Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп иштеп келет.

катчы

Байгазиева Залина Сатыбековна

Миң-Булак айыл аймагынын Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы

Билими: Жогорку билимдүү. 2000–2006-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономика факультетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган. Квалификациясы — экономист. 2000-жылы Чүй облусунун Беловодское айылындагы №3 орто мектебин аяктаган.

2009–2010-жылдары Александровка айыл өкмөтүндө социалдык коргоо боюнча адис болуп эмгектенген.

2010–2012-жылдары Александровка айыл өкмөтүндө мамлекеттик тил боюнча адис болуп иштеген.

2012–2019-жылдары Александровка айыл өкмөтүндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча жетектөөчү адис кызматын аркалаган.

2019–2022-жылдары Александровка айылдык кеңешинин жооптуу катчысы болуп эмгектенген.

2024-жылдан тартып Миң-Булак айыл аймагынын Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы болуп иштеп келет.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.