Муниципалдык кызмат акылары

Муниципалдык кызмат көрсөтүү

Муниципалдык кызмат акылары

Бул баракта Миң-Булак айыл аймагында калкка көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтар боюнча бекитилген тарифтер жана жеңилдик берилүүчү категориялар тууралуу маалымат берилди.

№43 Ичүүчү сууну пайдалануу үчүн тариф боюнча токтом
№64 Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу тарифи боюнча токтом
100% Айрым категорияларга төлөмдөн бошотуу жеңилдиги

Ичүүчү сууну пайдалануу үчүн тарифтер

Миң-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-июнундагы №43 токтомуна ылайык ичүүчү сууну пайдалануу үчүн төмөнкү тарифтер бекитилген.

Айыл / калктуу конуш Тариф Эскертүү
1 Александровка айылы 45 сом Бир адамга айына
2 Крупское жана Беш-Корук айылдары 20 сом Бир адамга айына
3 Садовое айылы 80 сом Бир адамга айына
4 Сретенка, Большевик жана Заря айылдары 22 сом Бир адамга айына
5 Жалпы пайдалануудагы суу колонкалары 17 сом Жеке тариф

Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтер

Миң-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-августундагы №64 токтомуна ылайык таштандыларды ташып чыгаруу жана катуу тиричилик калдыктарын жок кылуу боюнча төмөнкү тарифтер бекитилген.

Чарбалык-коммерциялык түзүмдөр үчүн

Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу тарифи — 1 кубометр үчүн 310 сом.

Өз алдынча алып келген учурда

Жарандар жана чарбалык-коммерциялык түзүмдөр өздөрү жүктөп алып келген учурда катуу тиричилик калдыктарын көмүү жана жок кылуу кызматы — 1 тонна үчүн 200 сом.

Төлөмдөн 100% бошотулуучу категориялар

2024-жылдын 9-сентябрындагы айылдык кеңештин №92 токтомуна ылайык, ичүүчү сууну пайдалануу жана таштанды чыгаруу боюнча айрым категориялар төлөмдөн 100% бошотулат.

Александровка айылынын көчө башчылары
Жалгыз бой жашаган кары адамдар
I топтогу майыптыгы бар жарандар
Үй-бүлөлүк социалдык паспорту бар, көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр

Маалымат айылдык кеңештин тиешелүү токтомдорунун негизинде даярдалды. Тарифтер жана жеңилдиктер боюнча так маалымат алуу үчүн Миң-Булак айыл өкмөтүнө кайрылсаңыздар болот.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.