2026-жылдын 20-июлунда Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Дениз Самарбекович Раимкуловдун төрагалыгы алдында айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин иш отуруму өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Миң-Булак айыл өкмөтүндө коррупциялык тобокелдердин келип чыгышына өбөлгө түзүүчү учурлардын жана кырдаалдардын алдын алуу боюнча көрүлүүчү чаралар талкууланды.
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Азиса Тилебалдиевна Капаева кызматкерлерди коррупциялык тобокелдердин алдын алуу боюнча иш-чаралар планы менен тааныштырды. Планда каралган ар бир багыт боюнча жооптуу кызматкерлер белгиленип, аларга тиешелүү милдеттер жүктөлдү.
Жыйында кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдуулукту так сактоо, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, жарандар менен иштөөдө адилеттүүлүк принциптерин жетекчиликке алуу жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө зарылдыгы белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге бекитилген иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле аткарылган иштер боюнча тиешелүү маалыматтарды берүү тапшырылды.
Миң-Булак айыл өкмөтү коррупциянын алдын алуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча иштерди мындан ары да системалуу түрдө улантат.
