Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Садовое айылындагы Мирошниченко атындагы орто мектебине кошумча корпус куруу долбоору ишке ашырылууда. Бул долбоор билим берүү тармагындагы инфраструктураны жакшыртууга, окуу процессинин сапатын жогорулатууга жана окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү социалдык долбоорлордун бири болуп саналат.
Кошумча корпустун курулушу мектептеги орун тартыштыгын азайтууга, окуучуларды кеңири жана заманбап окуу кабинеттер менен камсыз кылууга, ошондой эле билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.
Долбоордун негизги максаты — мектепте билим берүү үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү, окуучулар менен мугалимдер үчүн ыңгайлуу чөйрөнү камсыз кылуу жана билим сапатын мындан ары жогорулатууга өбөлгө түзүү.
Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун жалпы суммасы 250 млн сомду түзөт.
Аталган долбоордун ишке ашырылышы Садовое айылындагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө, окуу жайынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жаш муундун сапаттуу билим алуусуна жакшы шарттарды түзүүгө чоң салым кошот.



