Миң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында фермердик чарбалар арасында дренаждык тармактарды өз алдынча жана мыйзамсыз жабууга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө фермерлерге дренаждык системалардын ашыкча сууларды чыгаруудагы, жерлерди суу каптоодон сактоодогу жана айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн камсыздоодогу мааниси тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле фермерлерге мелиорациялык инфраструктураны пайдалануу боюнча мыйзам талаптары жана аны бузган учурда каралган жоопкерчилик түшүндүрүлдү.
Түшүндүрүү иштеринде дренаждык тармактарды ишке жарактуу абалда кармоо, алардын бүтөлүп калышына жол бербөө жана мелиорациялык объекттерди туура пайдалануу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Жүргүзүлүп жаткан иштер дренаждык системалардын натыйжалуу иштешин камсыздоого жана терс кесепеттердин алдын алууга багытталган.

