Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу “Таза-Булак” муниципалдык ишканасына практикалык жардам көрсөттү

634971602 18020495504806999 8240469468911041245 n

Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Булак” муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу тарабынан практикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жергиликтүү деңгээлде коммуналдык кызматтарды натыйжалуу уюштурууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Практикалык жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө “Таза-Булак” муниципалдык ишканасынын учурдагы иш алып баруу тартиби, кызмат көрсөтүү багыттары, уюштуруучулук жана документтик иштер боюнча маселелер каралды. Ошондой эле ишкананын күнүмдүк ишинде кездешкен көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча сунуштар талкууланды.

Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү тарабынан муниципалдык ишкананын ишин туура уюштуруу, кызмат көрсөтүүлөрдү пландоо, калк менен байланыш түзүү, отчеттуулук жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча практикалык түшүндүрмөлөр берилди.

Мындан тышкары, коммуналдык кызматтардын туруктуу иштешин камсыз кылуу, ишкананын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу жана кызмат көрсөтүүдө жоопкерчиликти күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Миң-Булак айыл өкмөтү мындай практикалык жардамдар муниципалдык ишканалардын ишин жакшыртууга, жергиликтүү калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттырууга жана айыл аймагындагы социалдык-экономикалык өнүгүүгө оң таасирин тийгизерин белгилейт.

Алдыда “Таза-Булак” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана калктын керектөөлөрүнө ылайык иш алып баруу багытында тиешелүү иштер улантылат.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.