Миң-Булак айыл аймагында «Итар» коомдук кайрымдуулук фондунун демөөрчүсү, урматтуу Шейх MOHAMMAD ALSHAMRI тарабынан курулган социалдык объектилерге мониторинг жүргүзүлдү.
Иш сапардын жүрүшүндө тиешелүү социалдык объектилердин учурдагы абалы, пайдалануу деңгээли, ошондой эле калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жеринде каралып чыкты. Мониторингдин алкагында объектилердин иштөө шарттары, материалдык-техникалык абалы жана жергиликтүү тургундар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — кайрымдуулук негизде курулган социалдык объектилердин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, алардын калкка үзгүлтүксүз жана сапаттуу кызмат көрсөтүүсүнө көмөк көрсөтүү, ошондой эле мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.
Миң-Булак айыл өкмөтү социалдык багыттагы демилгелерди колдоп, жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга салым кошуп жаткан демөөрчүлөргө жана өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирет.


