Урматтуу Миң-Булак айыл өкмөтүнүн тургундары!
2026-жылдын 9-июнунда саат 10:00дө Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Садовое айылындагы Мирошниченко атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбаев Элкинбек Токтогоновичтин калк менен жолугушуусу өткөрүлөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү маанидеги актуалдуу маселелер, тургундардын сунуштары жана кайрылуулары каралат.
Бардык кызыкдар тургундарды жолугушууга катышууга чакырабыз.
Өтчү жери: Садовое айылы, Мирошниченко атындагы орто мектеби
Күнү: 9-июнь 2026-жыл
Убактысы: 10:00