КУЛАКТАНДЫРУУ!
Урматтуу Мин-Булак айыл аймагынын тургундары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 18-декабрында өтө турган V Элдик курултайга Мин-Булак айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Мин-Булак айыл аймагынан делегаттарды шайлоо 2026-жылдын 24-октябрында саат 10-00дө Садовое айылынын Колхозчулар сарайында өтөт.
Мин-Булак айыл аймагынан 3 делегатты шайлоо үчүн алгач ар бир айылдан жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүн шайлоо зарыл.
Ушуга байланыштуу Мин-Булак айыл аймагынын айылдарында бекитилген графикке ылайык айылдык жыйындар өткөрүлүп, анда жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү шайланат.
Айылдык жыйындар төмөнкү графикке ылайык өткөрүлөт:
2026-жылдын 12-октябры:
Өткөрүлүүчү жери: Александровка а. Я.Шиваза мектеби. Убактысы: 11-00.
Өткөрүлүүчү жери: Крупское а. Октябрьская мектеби. Убактысы: 13-00.
Өткөрүлүүчү жери: Беш-Көрүк а. Беш-Көрүк мектеби. Убактысы: 15-00.
2026-жылдын 13-октябры:
Өткөрүлүүчү жери: .Садовое а., Колхозчулар сарайы. Убактысы: 11-00.
14 октября 2026 года:
Өткөрүлүүчү жери: Заря а., Большевик а., Арыкова. Убактысы: 11-00.
Өткөрүлүүчү жери: Сретенка а., Маданият үйү. Убактысы: 14-00.