Урматтуу Миң-Булак айыл аймагынын активдүү тургундары!
Миң-Булак айыл өкмөтү сиздерди жергиликтүү демилгелерди каржылоо боюнча конкурска катышууга чакырат.
Эгерде сизде айылдын өнүгүшүнө салым кошо турган пайдалуу идея же демилге болсо, аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар.
Сизден — жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган демилге,
бизден — каржылоо!
Конкурска төмөнкү багыттар боюнча жергиликтүү демилгелер кабыл алынат:
✅ Парктардын, спорт аянтчаларынын жана эс алуу жайларынын иштешине, көрктөндүрүлүшүнө шарт түзүү, ошондой эле калктын пайдалуу эс алуусун уюштуруу;
✅ Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, маданий иш-чараларды өткөрүү жана улуттук каада-салттарды сактоо;
✅ Балдардын жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды уюштуруу;
✅ Дене тарбияны жана массалык спортту өнүктүрүүгө шарт түзүү;
✅ Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана андан коргоо боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
✅ Айлана-чөйрөнү коргоого жана аймактын санитардык абалын жакшыртууга багытталган демилгелер.
Документтер 2026-жылдын 24-июну саат 17:00гө чейин Миң-Булак айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн жооптуу кызматкерге кайрылыңыздар:
Иманалиева А.
Телефон: 0550 715 072