2026-жылдын 26-мартында Миң-Булак айыл аймагында кубанычтуу жана маанилүү окуя болуп өттү — «Ак-Илбирс» жаштар борбору өз эшигин ачты.
Бул борбор жаштардын демилгелерин колдоо, алардын билимин, жөндөмүн жана коомдук активдүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле жаңы идеяларды ишке ашырууга шарт түзүү максатында ачылды.
Маанилүү долбоор Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Хирано Рюичинин көмөгү аркылуу ишке ашырылды.
Салтанаттуу ачылыш аземине Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Козуев Ниязбек Эгемкулович, Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Райымкулов Денизбек Самарбекович, айыл аймактын активдүү жаштары жана ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар борборунун мааниси, анын келечектеги иш багыттары жана айыл аймагындагы жаштар үчүн түзүлүп жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз болду.
«Ак-Илбирс» жаштар борбору — бул жөн гана имарат эмес. Бул жаштардын идеялары жаралган, демилгелери колдоого алынган, билим жана тажрыйба топтогон, келечекке багыт алган маанилүү жай болуп саналат.
Борбор жаштардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүсүнө, пайдалуу долбоорлорду сунуштоосуна жана айыл аймагын өнүктүрүүгө салым кошуусуна кеңири шарт түзөт.
Миң-Булак айыл өкмөтү бул долбоордун ишке ашышына колдоо көрсөткөн бардык өнөктөштөргө, өзгөчө Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине, ПРООНдун өкүлдөрүнө жана иш-чарага активдүү катышкан жаштарга терең ыраазычылык билдирет.
Биз ишенебиз: дал ушул борбордон жаңы лидерлер, пайдалуу демилгелер жана чоң ийгиликтер жаралат.
Миң-Булак айыл аймагында жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, жаңы келечекке карай ишенимдүү кадам жасалды.






